Биз менен байланышыңыз

Жовтенко: Украина — ийгиликтүү өлкө

Кыска кабар , Пикирлер | 30 Дек 2020 | 720 | 0

Украина — ийгиликтүү мамлекет. Мындай пикирин Украинанын Кыргызстандагы элчиси Валерий Жовтенко «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, 2020-жыл оор болуп, өлкөлөр экономикалык көйгөйлөргө дуушар болгонуна карабай, Украина европалык жол менен ийгиликтүү өнүгүүдө. Өлкө бизнестин илгерилөөсүнө өбөлгө түзүп, калктын жашоо деңгээлин жогорулатуу аракетинде.

Украина европалык стандарттарга багыт алып, визалык саясатты жөнгө сала алды. Улуу Британия баш болгон бир катар мамлекеттер менен эркин соода жүгүртүү боюнча келишимге жетишти.

Өлкө экспортту өнүктүрүү багытында эбегейсиз жумуштарды аткарып жатат. Минималдык жана орточо айлык акылар өсүүдө. Маселен, минималдык маяна 176 доллар, ал эми орточо айлык акы 430 доллар. Киевде бул көрсөткүчтөр эки эсе жогору. Маяналар 2021-жылы 12% жогорулашы күтүлүүдө.

Жовтенко Киевде биринчи электр трамвайы 1892-жылы иштеп баштаганын эске салып өттү.

Ал кошумчалагандай, 2020-жыл оор болуп, дүйнө коомчулугу пандемиядан улам олуттуу сыноону башынан өткөрдү. Өзгөрүүлөр канчалык экени баалана элек. Ага карабастан, келечекке оптимисттик көз карашта болуп, жашоону жакшыртуунун үстүндө иштөө керек.

Copyright © 2017 Maral FM