Биз менен байланышыңыз

Бермет Турсалиева Айыл чарба министринин орун басары болду

Кыска кабар | 25 Дек 2020 | 2692 | 0

Бермет Турсалиева Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министринин орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу министр Тилек Токтогазиев маалымат жыйында кабарлады.

Министрдин буга чейинки орун басары Амангелди Исаев кызматынан алынган.

Токтогазиевдин айтымында, Бермет Турсалиева буга чейин айыл чарба тармагында көп иштерди жасаган. «Агрардык платформа» долбоорун жетектеген. Ошондой эле «Тойбос», «Супара» сыяктуу компанияларды брендге айлантууда жардам берген.

Турсалиева англис тилинде эркин сүйлөйт.

Белгилей кетсек, айыл чарба министрлигинде алгачкы жолу аял киши министрдин орун басары болууда.

Copyright © 2017 Maral FM