Биз менен байланышыңыз

«Эл система менен талапкердин айырмасын билбей жатат»

Кыска кабар , Пикирлер | 23 Дек 2020 | 392 | 0

Юрист Эржан Кайыпов «Марал» радиосуна берген маегинде Конституцияны өзгөртүү боюнча референдумдан коомчулуктун кабары жок болуп, башы айланып калуу ыктымалы чоң экенин билдирди.

«Башкаруу формасын алмаштыруу муктаждыгы кантип келип чыкканын кароо зарыл. 5-октябрдагы окуяларда башкаруу формасын өзгөртүү боюнча сөз болду беле? Же бул маселе бир адамдын муктаждыгы үчүн болуп жатабы? Эмне үчүн бул зарылчылык азыркы тапта биринчи маселеге айланды? Парламент кайсы Конституциянын негизинде мыйзам чыгарып, айлык алып жатат? Башмыйзамды өзгөртүүгө мыйзамдуу жол менен барууга болот эле. Референдум бир адамдын кызыкчылыгы үчүн өтүп жатканы кооптуулук жаратат», — дейт Кайыпов.

Анын айтымында, коомчулук система менен жеке адамдын айырмасын билбей жатат.

«Парламенттик жана президенттик республика боюнча тандоонун айланасындагы талкууда Садыр Жапаровдун тарапташтары Жапаров тандаган вариантты колдоп жатышат. Башкаруу формасынын артыкчылык же айырмачылыктарын эмес, талапкердин тандоосун колдошууда. Тактап айтканда, талапкерге тескери кызмат өтөшүүдө. Ал эми талапкерлер коомчулукка маалымат берүүнүн ордуна бир тандоого басым жасашууда. Бул — кооптуу», — дейт юрист.

Copyright © 2017 Maral FM