Биз менен байланышыңыз

Кайыпов: Конституциялык референдум мыйзамсыз

Кыска кабар , Пикирлер | 23 Дек 2020 | 488 | 0

Юрист Эржан Кайыпов «Марал» радиосуна берген маегинде Конституциялык референдумдун маңызынан мурда, мыйзамсыз жолдор менен уюштурулуп келе жатканы өкүндүрөрүн билдирип, референдумду мыйзамсыз деп тааныды.

Анын айтымында, референдум өткөрүү боюнча чечимдер да, ага чейинки чечимдер да кооптонууну пайда кылат. Анткени референдум тууралуу калк арасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн жок. Ошондой эле аны өткөрүүнүн мыйзамдуулугу да талаш жаратат.

Референдумда мамлекеттик түзүлүштү аныктоо маселеси коюлуп жатат. Бирок мамлекеттик түзүлүшкө республиканын формалары кирбейт.

«Суроонун сабатсыз түзүлгөнү, анын толук кандуу эместиги маселе жаратууда. Тандоого коюлуп жаткан варианттардын аныктамасы, анын үстүнөн жүрүп жаткан иштер боюнча да, андан тышкары «парламенттик менен президенттик башкарууну шайлоочу так ажырата билеби?» деген маселелер бар. Азыркы бийлик парламенттик, президенттик республика деп эмнени түшүнөт? Бул да өзүнчө кооптуулукту туудурат. Коомдук талкууга сунушталган Конституциянын редакциясынын долбоорун карасак, илим тааныбаган башкача формаларды көрдүк. Мындан сырткары, бийлик бутактарынын ортосунда тең салмактуулук жок. Мамлекеттин негизги баалуулуктары жокко чыгарылганына күбө болдук. Ошондуктан көп жагынан алганда бул референдум — мыйзамсыз», — дейт Кайыпов.

Copyright © 2017 Maral FM