Биз менен байланышыңыз

Италия: Жаңы жылды майрамдоо чектелип, жалпы улуттук карантин жарыяланды

Дүйнө , Кыска кабар | 19 Дек 2020 | 632 | 0

Италияда коронавирус пандемиясына байланыштуу, майрам күндөрү 24-декабрдан 6-январга чейин жалпы улуттук карантин киргизилет. Бул тууралуу өлкөнүн премьер-министри Жузеппе Конте билдирди.

Премьер-министр Жузеппе Контенин айтымында, ушул убакыт аралыгында барлар, ресторандар жана дүкөндөр (азык-түлүк дүкөндөрүнөн тышкары) жабык болот. Ошондой эле төрт жумушчу күндүн ичинде (28, 29, 30-декабрь жана 4-январь) чакан шаарлардын ортосундагы 30 км аралыкка саякаттоого уруксат берилет.

Премьер-министрдин айтымында, мындай чаралар коронавирустун үчүнчү толкунун алдын алууга жардам берет.

Жон Хопкинс университетинин маалыматы боюнча, 19-декабрга карата Италияда коронавирус менен ооруган 1,9 миллион адам катталып, 67 миңден ашуун адам көз жумган.

Copyright © 2017 Maral FM