Биз менен байланышыңыз

Коронавирус менен ооруган 561 адам оор абалда

Кыска кабар | 19 Дек 2020 | 434 | 0

Учурда Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алган 4 245 адам эмделүүдө. Бул тууралуу республикалык штаб билдирди.

Анын ичинен 2 551 бейтап амбулатордук түрдө, 1 694ү ооруканада дарыланып жатат.

Эмделип жаткан бейтаптардын 85и (5 пайызы) — өтө оор абалда, 476сы (28%) — оор абалда. Бейтаптардын басымдүү бөлүгүнүн (1109 адам же 65,4 пайызы) абалы орто деп бааланууда. 24 адам канааттандырарлык абалда.

Бир сутка ичинде COVID-19 илдетинен 408 бейтап сакайып чыкты. Вирустук илдетти жеңгендер жалпы 72 459 адамды түздү.

Коронавирустан дагы 4 бейтап каза болду

Copyright © 2017 Maral FM