Биз менен байланышыңыз

Коронавирустан дагы 4 бейтап каза болду

Кыска кабар | 19 Дек 2020 | 637 | 0

Кыргызстанда 19-декабрга карата акыркы суткада COVID-19 илдетинен 4 бейтап каза болду.

Алар:
Бишкек — 1
Баткен облусу — 1
Ош облусу – 2

Падения башталгандан бери Кыргызстанда коронавирус кесепетинде каза болгондордун саны 1328ге жети.

Бир сутка ичинде коронавирустун 232 жаңы учуру катталды. Жаңы учурлардын аймактар боюнча бөлүнүшү:
Бишкек — 67
Ош — 4
Чүй облусу – 59
Ош облусу — 16
Талас облусу — 5
Нарын облусу — 5
Ысык-Көл облусу – 47
Жалал-Абад облусу – 14
Баткен облусу — 15

Муну менен өлкө боюнча вирус жуктуруп алгандардын жалпы саны 78 миң 911ди түздү.

Бир сутка ичинде COVID-19 илдетинен 408 бейтап сакайып чыкты. Вирустук илдетти жеңгендер жалпы 72 миң 459 адам.

Copyright © 2017 Maral FM