Учурда Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алган 4 245 адам эмделүүдө. Бул тууралуу республикалык штаб билдирди.
Анын ичинен 2 551 бейтап амбулатордук түрдө, 1 694ү ооруканада дарыланып жатат.
Эмделип жаткан бейтаптардын 85и (5 пайызы) — өтө оор абалда, 476сы (28%) — оор абалда. Бейтаптардын басымдүү бөлүгүнүн (1109 адам же 65,4 пайызы) абалы орто деп бааланууда. 24 адам канааттандырарлык абалда.
Бир сутка ичинде COVID-19 илдетинен 408 бейтап сакайып чыкты. Вирустук илдетти жеңгендер жалпы 72 459 адамды түздү.