Биз менен байланышыңыз

«Кыргызстан саясий түзүлүштөгү жетишкендиктерди колдонбой келет»

Кыска кабар , Пикирлер | 15 Дек 2020 | 454 | 0

Кыргызстан саясий түзүлүштөгү жетишкендиктерди колдонбой келет. Мындай пикирин ишкер Жодар Сайдилкан «Маралга» берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстан мамлекеттик түзүлүшүн эркин соода экономикасына ылайыкташтыра алган жок. Ага карата аракеттер да жасалбады.

«СССР мезгилинде баары борборго байланып, аймактарга эч ким ишеним артпай, алардын добушу эске алынчу эмес. Мындан улам бийлик элдин колунда эмес эле. Бийликти элге берип жаткан соң, аны аймактарга кайтарышыбыз керек. Учурда каражаттар жалпы өлкөгө адилеттүү таркабай, Бишкекте гана калып калууда. Муну менен бирге билим берүү, саламаттыкты сактоо кызматтары да аймактарга жетпей жатат. Ошондуктан аймактарды өнүктүрүү кажет. Топтолгон салыктардын 12 %ы гана аймактарда калат. Калган 88 %ын борборго топтоп, кайра жер-жерлерге бөлүштүрөбүз. Эң чоң маселе — коррупция ушул жерде жатат», — дейт Сайдилкан.

Ал белгилегендей, өнүккөн өлкөлөр коопсуздук маселесин борборго калтырып, калган билим берүү, саламаттыкты сактоо сыяктуу тармактардын бюджетин жергиликтүү бийликке берет. Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү маселени жакшы билет. Каражат жергиликтүү бийликке калса, алар үнөмдүү колдонот. Ал үчүн аймакка калган салыктардын көлөмүн 50%га чейин көбөйтүү кажет.

Мындан сырткары өлкөдө аким менен айылдык кеңештин төрагасын эл шайлабайт. Жергиликтүү бийликке кызматкерлер борбордон дайындалбастан, калк тарабынан түз шайланышы керек. Ошондо кызматкер бийликке кошомат кылгандын ордуна элин ыраазы кылууга тырышат. Мындай өзгөрүүлөр саясий эркти талап кылат. Тилекке каршы, бийликке келгендер борборлошкон система өздөрүнө ылайык экенин көрүп, алданып калууда.

Copyright © 2017 Maral FM