Биз менен байланышыңыз

Казакстан Орусиянын чек ара тактоо боюнча айткан депутатына нота жолдоду

Дүйнө , Кыска кабар | 13 Дек 2020 | 942 | 0

Казакстандын тышкы иштер министрлиги Орусиянын Мамлекеттик думасынын депутаты Вячеслав Никоновдун сөзү үчүн нота жолдоду. Бул тууралуу аталган министрликтин расмий сайтына жарыяланды.

12-декабрда министрликке Орусиянын Казакстандагы убактылуу ишенимдүү өкүлү Александр Комаров чакыртылган.

Анда Мамлекеттик думанын депутаты Никоновдун бир телеканалдагы эфирде айткан сөзү боюнча маселе көтөрүлгөн. Анда Никонов Казакстандын аймагы боюнча сөз кылып, ага “Орусия тараптан берилген чоң белек” деген сыпаттама берген.

Казакстандын эскертүүсүндө: “Орусиянын айрым саясатчыларынын Казакстанга карата чагымчыл чабуулдары  өнөктөш өлкөлөрдүн мамилесине зыянын тийгизет”,-деп айтылат.

Ошондой эле Орусия тарапка айтылган сөз үчүн калыс баа берүү талабын койду.

Бул боюнча Вячеслав Никонов телеграм баракчасы аркылуу да ой бөлүшкөн. Анда чек араларды бөлүштүрүү учурунда Казак ССРинин кызыкчылыгы толугу менен сакталганын, эфирде ушул тууралуу сөз кылганын жазган.

Copyright © 2017 Maral FM