Биз менен байланышыңыз

Конституциялык кеңешме ишин качан жыйынтыктайт?

Кыска кабар , Пикирлер | 8 Дек 2020 | 558 | 0

Башмыйзамдын жаңы долбоору талкууланып жатат. Конституциялык кеңешме бир да беренени өзгөртүү же толуктоо боюнча акыркы чечимге келе элек. Бул тууралуу Конституциялык кеңешменин төрагасы Бекбосун Бөрүбашев «Маралга» берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, кеңешменин жыйындары ачык өтүүдө. Учурда иш кызуу жүрүп жатат.

Иштин качан жыйынтыкталары белгисиз. Анткени тийиштүү жарлыкта мөөнөтү көрсөтүлгөн эмес.

«Бирок иш жүрүп жатат, токтоп калган жери жок. Биз жумасына 6 күн иштейбиз», — деди Бөрүбашев.

Айта кетсек, Конституциялык кеңешме 20-ноябрда ишин баштаган. Кеңешменини курамында 98 киши бар. Анын 70и жарандык коомдун өкүлдөрү, 28и бийлик өкүлдөрү.

Copyright © 2017 Maral FM