Биз менен байланышыңыз

«Кыргыздар жалкоолуктан арылышыбыз керек»

Кыска кабар , Пикирлер | 30 Ноя 2020 | 546 | 0

Кыргыздар жалкоолуктан арылышыбыз керек. Мындай пикирин «Супара» этнокомплексинин ээси, ишкер Жаңылсынзат Турганбаева «Маралга» берген маегинде билдирди.

«Мамлекетте эмне үчүн өнүгүү жок? Анткени мамлекеттик структураны карасаң, биринин үстүндө бири болгон иерархия. Бирөө да өз ишин берилип жасоону ойлонбойт. Азыр ойлосом, Табыкем өзү кошулуп, күнү-түнү иштегени үчүн «Супара» бат бүтүптүр. Ички жоопкерчилик жок болсо, иш такыр бүтпөйт. Биз жаштарды ички жоопкерчилик менен берилген тапшырманы бүтүрүүгө үйрөтүшүбүз керек», — дейт Турганбаева.

Ал жолдошу Табылды Эгембердиев бизнес баштаганга чейин 13 жыл ар түрдүү тармактагы китептерди окуганын, «Супараны» куруу иштерине жигердүү катышканын эскерди. Ошону менен бирге ысырапкорчулукту жаман көргөнүн, жек көрүп гана калбастан, жашоодо да колдонгонун айтты.

«Ошончо акча таап турса да, «үй, унаа алам, чет өлкөдө эс алам, той берем» деген ойдон алыс болчу. Мындай нерселерден ырахат алчу эмес. Жашоодо да айткан сөзүнө дал келгендей жашады. Кымбат унааларды алууну самачу эмес. Бирок ыңгайлуулук үчүн деп мен жакшы унааларды алдыртчумун. Айтор, өзүнө ыңгайлуулук түзүүнү ойлочу эмес», — дейт Турганбаева.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM