Биз менен байланышыңыз

«Табыкем башкаларды кошо өзгөрттү»

Кыска кабар , Пикирлер | 30 Ноя 2020 | 1432 | 0

«Супара» этнокомплексинин ээси, ишкер Жаңылсынзат Турганбаева «Маралга» берген маегинде Табылды Эгембердиев кыргыздын дөөлөттөрүн модага айлантып кеткенин билдирди.

«Кээ бир адамдар өзүнүн кол эмгегинен уялып калган учур болгон. Кыргыздар чыгармачыл калк. Азыр кыргыздын эмгектерин казактар өздөрүнүкүндөй сатып жатышат. Мага да казактар келип: «шоколадыңызга «Казакстанда жасалган» деп жазып бериңиз, биз тонналап алып кетели», — дешти. Бирок мен баш тарттым. Кыргызда креативдүү адамдар көп. Табыкем адамдар өзүнүн эмгегин баалабай жатканда «антпегиле» деп, жакшы жолго салып кетти», — деди Турганбаева.

Анын айтымында, Табылды Эгембердиев кошоматчылыкты жек көргөн. Анын максаты көздөгөнүнө жетүү болгон.

«Табыкем 180 градус өзгөрдү. «Супарага» келген адамдар да өзгөрүп жатат, демек өзүн эле эмес, башкаларды кошо өзгөрттү. Бизге келген кызматкерлер нукура кыргызча сүйлөп, башкача нукта тарбияланып… Апалардан: «Силердин «Супарада» иштеп, бизге сонун келин болуп жатат», — деген ыраазычылыктарды угуп жүрөм», — дейт Турганбаева.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM