Биз менен байланышыңыз

«Супара» жетекчисинен ишкер болом дегендерге 4 кеңеш

Блог | 12 Фев 2020 | 2115 | 0

“Супара” этно-комплексинин башкы директору Жаңылсынзат Турганбаева ишкер болууну кыялданган айымдарга өз кеңештерин сунуштайт. Тактап айтканда, Жаңылсынзат Турганбаева өз ишин баштайм деген кыз-келиндерге төмөнкүдөй кеңештерин берет:

Ийгиликтүү ишкер болуунун 4 жолу:

1. Жогорку максат (миссия) коюңуз. Бул качан ишке ашары белгисиз, бирок коюлган максаттын үстүндө иштей бериңиз, убакыттын өтүүсү менен ийгилик сөзсүз келет;

2. Өзүңүзгө жана Кудайга ишениңиз. Сиз өзүңүзгө ишенсеңиз, анда жаныңыздагылар да ишенип, колдоо көрсөтөт;

3. Ар бир ишти жүрөгүңүздөн, сүйүү менен жасаңыз. Бул башкаларга да таасир берет;

4. Убакыт менен эсептешиңиз. Убакытты пландаңыз, сарамжалдуу колдонуңуз.


«Эл эмне дейт?» — деп эч ойлонбоңуз! (китептин негизинде жазылган)


-Эң алгач “Шоро” компаниясы ишкердик жолун баштаганда көчө-базарларда максым сатууну уят иш катары көргөндөр да болгон. Бирок биздин, өзгөчө, Табылды Эгембердиевдин алдыга койгон максаты бийик болуп, бул иштин келечегин көрө алгандыктан, бул багытта изденүү менен иш жүргүзө бердик. 20 жылдан кийинки жыйынтык жалпы коомчулукка белгилүү. Ишкердик жүргүзүү тырышчаактыкты, талыкпас аракетти жана изденүүнү талап кылат, — дейт ишкер Жаңылсынзат Турганбаева.

 

 

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM