Биз менен байланышыңыз

«Эл эмне дейт?» — деп эч ойлонбоңуз! (китептин негизинде жазылган)

Блог | 15 Сен 2019 | 2420 | 0

Марк Мэнсондун «Тонкое искусство пофигизма. Парадоксальный способ жить счастливо (бактылуу жашоонун башкача жолу)» (англисче The Subtle Art of Not Giving a F*ck) аталышындагы киетби 190 барактан турат. Автор бул китебинде «орой» тил менен, жашоосунда билген каармандарды мисал кылып, жыргал жашоо жөнүндө эмес, чыныгы кыйынчылыгы кездешкен, агы-карасы, жашылы-кызылы коштогон бул өмүрдө өзүңө канааттана тургандай жашоого чакырат. Бестселлерге айланган бул китептин орусча котормосу 2018-жылы басылып чыккан. Ушул китеп тууралуу кыскача баяндап берели.

Коуч, психологдор бизге назик гүл сыяктуу мамиле жасап, маңдайыбыздан сылаганына көнгөнбүз. Айрыкча, жалаң эл оозуна алынып, бизнеси өнүккөн белгилүүлөрдү мисал келтирип келет. Бирок бул китеп андай эмес. Бул — өзгөчө. Оор, татаал жашоосуна карабай бактылуулукту сезе билгендер аркылуу окурмандарга майда нерселерге капа болуп, эл эмне дейт дегенден чыга албай жүрүүнүн кереги жоктугун жазат.

Албетте, табит менен талашуу мүмкүн эмес. Кээ бир адамдар үчүн бул одоно, адамды өзүм билемдикке түрткөн китеп катары сезилиши мүмкүн. Бирок бул китептеги негизги максат жеңил, оңой жашоону көрсөтүү эмес, автор адамдардын жашоосун үлгү катары алып, кыйынчылыктардын ичинен бактылуулукту сезүүгө мүмкүн экендигин көрсөткүсү келет. Кыскасы, болбогон маселелерге жинденип, аны ашыкча эле көйгөй кылып албай, айланаңдагы майда, бирок маанай көтөргөн нерселерди байкоого чакырат.

Кээ бир нерселерге жинденип, нерв коротуп жүрүп, жашообуздагы маанилүү окуяларды көзгө илбей өткөрүп ийишибиз ыктымал. Жөнөкөй гана мисал катары эрте мененки маршруткадагы абалды алсак болот. Тыгын, маршрутканын ичинде отурганга орун табылмак тургай бир буттап араң турасың, айдоочу менен жүргүнчү урушуп… Алардын баарына жиниң келип жатып, унаада кандай жагымдуу музыка коюлуп турганын, же кичинекей наристенин эч нерсе менен иши жок, күлүмсүрөп, бактылуу абалда сени карап турганын байкабай калышыбыз ыктымал.

Же жашообузду жалаң ийгиликтин туу чокусуна чыккан адамдардын жашоосу менен салыштырып, дайыма өзүбүзгө нааразы боло турган себеп табабыз.

Эл эмне дейт деп неге ойлонушубуз керек? Кенебестик (пофигизм) – бул эркиндикпи же тоготпостукпу? Идеалдуу болуунун сизге пайдасы канчалык? Албетте, таанышыңыз көп болушу мүмкүн, адамдар сыйлашы мүмкүн. Бирок… Сиз, сиздин жан дүйнөңүз андан канчалык ырахат алат, кеп ошондо. Баары: «Бактылуу бол, ийгиликти багынт, өмүрлүү бол» деген сыяктуу каалоолорду айтат. Бирок алардын арасынан «өзүң менен өзүң бол, бул жашоодо өзүңдү тап» деген каалоону уга бербейбиз. Китеп сизди ушундай ойлорду ойлонууңузду шарттайт.

Китептеги цитаталардан:

  • Сени кызыктырган нерсе менен алектенип, элдин көз карашы үчүн эмес, өзүңдүн кызыкчылыгың үчүн жаша.
  • Эгерде кыйынчылыктан качсаң, корксоң же жашынсаң, ал кыйынчылык дагы деле сени менен боло берет. Качан гана аны кыйынчылык катары көрбөй, кенебей койгондо гана кыйынчылык деген нерсе өзүнөн-өзү жок болот.
  • Сиздин жашооңузда эмне эң маанилүү болсо — ошону гана тандаңыз, калганына жок дегенди, көңүл бурбаганды үйрөнүңүз.
  • Баары ошону каалайт. Каалоо оңой. Негизгиси, ошол каалооңуз үчүн кандай тобокелдикке бара аласыз, кеп ошондо. Албетте, бул жерде эрктүү мүнөз гана жеңип чыгат.
  • Баарына жетишип, бүт нерсени көзөмөлдөөгө аракет кылганда, сизди дайыма бакытка жана урматка татыктуумун жана баары мен каалагандай болушу керек деген ой коштоп жүрөт. Бул жакшы эмес. Мындай адат сизди тирүүлөй курутушу мүмкүн.
  • Бир нерсе толук бүтмөйүнчө, же толугу менен сиздики болмоюнча аны менчиктеп, ага жашооңузду толугу менен байлап, бүткөн нерселердин катарына кошуп албаңыз. Сиз каалагандай болсо жакшы, андай болбой калган учурда катуу сынышыңыз мүмкүн.

Copyright © 2017 Maral FM