Биз менен байланышыңыз

«Табыкемдин көзү тирүү болгондо, ири долбоорлорду ишке ашырмак»

Кыска кабар , Пикирлер | 30 Ноя 2020 | 561 | 0

Табылды Эгембердиев көзү тирүү болгондо, көптөгөн ири долбоорду ишке ашырмак. Бул тууралуу «Супара» этнокомплексинин ээси, ишкер Жаңылсынзат Турганбаева «Маралга» берген маегинде билдирди.

«Мен өзүмдү чоң иш жасап жатам деп эсептебейм. Бирок бул ишти алып кетишиме Табыкемдин ролу чоң. Анткени иштерине мени аралаштырган. Эгерде «Жаңыл, сен аял болуп үйдө отурушуң керек», — деп койсо, балким, мен үчүн өтө кыйын болмок. Болгон ишти алып кетип баратам, өкүнүчтүүсү, Табыкемдей болуп көп чоң долбоорлорду жасай алган жокмун. Көзү тирүү болгондо, 5 жылда элди таң калтыра турган көп нерселерди жасамак, мен ага ишенем», — деди Турганбаева.

Ал «Супара», «Шоро» компанияларынын ийгилиги тууралуу кеп кылуудан мурда ишканалардын негиздөөчүсү Табылды Эгембердиевдин кандай инсан болгонуна, кандай билим алганына токтолуу маанилүү жана кызыктуу экенин белгиледи.

Турганбаеванын айтымында, Эгембердиев кандай жумуш жасабасын өнүгүп-өсүү болуп келген. Анын улуттук бизнес менен алектенүүнү тандоосу туура жол болгон. Ошондуктан ал негиздеген компаниялар коомчулуктун сүймөнчүгүнө ээ болуп, өзгөчөлөнүп турат. Өнүгүүнүн сыры мына ушунда.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM