Биз менен байланышыңыз

Динара Чочунбаева: Аселдин ролу берилгенде 14 жашта элем

Билим-маданият , Көңүл ачуу | 30 Ноя 2020 | 17478 | 0

«Мен Тань-Шань» тасмасындагы Ильястын жары Аселдин образын жараткан актриса, «Оймо» фестивалынын башкы жетекчиси, кол өнөрчүлүктү өнүктүрүү боюнча серепчи Динара Чочунбаева «Марал» радиосунун «Үзөңгүлөш үч эрке» программасында конокто болуп, чыгармачылыгы туурасында учкай кеп салды.

— Саламатсызбы эже? Ден соолугуңуз жакшыбы?

— Саламатсыңарбы? Баары сонун.

— Учурда эмне менен алексиз?

-Азыркы тапта кол өнөрчүлөр менен чоң долбоор баштоо алдында турабыз. 2021-жылдан тарта кол өнөрчүлөр кеңеши менен биргеликте изилдөө өткөрөлү деп жатабыз. Изилдөө дегеним, бизде талантуулар абдан көп, санын эч ким билбейт. Ошондуктан кол өнөрчүлүк менен алектенген (кайсы түрү болбосун) адамдарды катышууга чакырат элем. Кыргызстандын булуң-бурчуна анкеталарды таратабыз. Бул саамалыкка катышканга аракет кылыңыздар. Анткени 30 жылдан бери канчалаган адамдар ушул кесип менен үй-бүлөсүн багып, татыктуу жашаганга шарт түзүлгөн. Изилдөөнүн негизинде кол өнөрчүлөрдүн бири-бири менен байланышын жеңилдеткен заманбап «карта» түзөбүз.

— Көпчүлүк  сизди «Мен Тянь-Шань» тасмасындагы Асел катары таанышат. Кепти ушул багытта уласак…

— Бул тасма 1971-жылы сентябрда тартыла баштаган. Ал кезде 14 жашка толуп, окууга жаңы кабыл алынган мезгилим эле. Кастингде 3 миң кыздын арасынан мени тандап алышты. Кино бир жыл тартылып, бет ачары 1972-жылдын октябрында борбордогу «Россия» кинотеатрында өткөн. Ильястын ролун жараткан актер Дүйшөн Байтөбөтовго машина айдаганды Москвадагы кыйын каскадер Михаил үйрөткөн. Эң кызыгы, менден: «Ильясты эмнеге кечирген жоксуң?» — деп көп сурашат. «Асел чыккынчылыкты кечире албайт болчу», — деп жооп берип келем андай учурда.

«Кызыл жоолук жалжалым» чыгармасынын негизинде башка да тасмалар тартылды. Сиздин купулуңузга толдубу?

— Албетте, кыргыз элине «Мен Тянь-Шань» тасмасы жакыныраак. Анткени, мазмуну кыргыздын түшүнүгүнө туура келет. Мындан сырткары да түркчө, өзбекче варианты тартылды. Түркчөсүндө сүйүүгө басым жасап, башка мазмунду алып таштаган. Биздики Советтер Союзун жалпы сүрөттөгөн тасма. Мисалы, ГЭСтин курулушун, айдоочулардын жумушун, карапайым элдин жашоосун чагылдырып тартылган. Саматтын ролун оператор Кадыржан Кадыралиевдин уулу аткарган. Азыр ал бала атасынын жолун улап, кыргыздын, казактын кинолорун дүйнөлүк фестивалдарга чыгарып жүрөт. Келинимдин аты — Асел. Чоң атасы ушул тасмага таасирленип, небересине Асел деген ат койгон экен.

— Тартуу иштеринде кайсы эпизод сизге кыйынчылык жаратты?

— Киного тартылып жатканда кичинекей кыз болчумун. Ошондуктан сьемкаларда чоң энем кошо жүрдү. А киши менен Москвага чейин баргам. Актердук чеберчилик жактан окуп, билим алган эмесмин. Кинодо өзүмдү эле ойнодум, жөн гана жашадым. Аялзатынын мүнөзүн чагылдырган тасма болгондуктан, мени тандашты. Себеби чоң энем ушундай тарбиялаган.

Сиз менен чогуу роль жараткан кыргыз залкарлары тууралуу айтсаңыз…

— Бул тасмага тартыларда Дүйшөн Байтөбөтов менен Назира Мамбетова окууну Моквадан жаңы бүтүп келишкен экен. Сүймөнкул Чокморов менден бир топ жаш улуу болчу. Ал кишини Ильястын ролуна да коюп көрүштү. Чокморовдон уялып, тартынып, жакшы ачыла албай койдум. Адамдын ички дүйнөсүн сезе билген кыйын актер эле.  Тасмага тартылышыма да салымы чоң болду. Татаал эпизоддордо жардамдашып, каарманымды ачуума түрткү берди.

Copyright © 2017 Maral FM