Биз менен байланышыңыз

Бейшеналиев: Университеттер локомотив болот

Кыска кабар , Пикирлер | 27 Ноя 2020 | 1847 | 0

Мындан ары университеттер билим берүү, экономика тармагында локомотив болуп, коомду алдыга сүйрөйт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министри Алмаз Бейшеналиев «Маралга» берген маегинде билдирди.

Анын маалыматына ылайык, ЖОЖдордун базасында 14 багыт боюнча долбоорлор уюштурулуп, аларды ишке ашыруу үчүн университеттерге тапшырмалар берилди.

Маселен, идеалдуу китептин өзгөчөлүктөрү боюнча КУУга, билим берүүдөгү санариптешүү боюнча КТУга тапшырма берилди. Аткарууга 1 ай мөөнөт каралды.

Жаңы долбооорлорду иштеп чыгууда элдин үнүн угуу максатында министрликте жаңы демилгелер жана долбоорлордун лабораториясы ачылды. Билим берүү тармагы боюнча коомчулуктан түшкөн сунуштарды кеңешме карап чыгууда.

Бейшеналиев университеттердин мүмкүнчүлүктөрүн колдонуу зарылчылыгын белгиледи.

«Университеттер илим изилдеген, бизнес менен тыгыз байланышкан, коомдук буюртмаларды аткара алган жана өзүнүн финансылык киреше булактарын таба турган мекемелерге айланышы керек. бул максатта жаңы механизмдерди сүйлөшүп, ЖОЖдор менен талкуулап жатабыз. Ал кири калса, университеттер коом менен тыгыз байланышкан жайларга айланат. Муну ишке ашыруу көп убакытта талап кылбайт, анткени мындай өзгөрүүгө университеттер өздөрү кызыкдар», — деди министр.

Copyright © 2017 Maral FM