Биз менен байланышыңыз

Бишкекте баш мыйзамды өзгөртүүгө каршы тынчтык митинги өтүп жатат

Кыска кабар | 22 Ноя 2020 | 576 | 0

Бүгүн, 22-ноябрда Бишкекте баш мыйзамды өзгөртүүгө каршы «Баш мыйзам үчүн!» тынчтык жүрүшү өтүп жатат.

Учурда Эркиндик бульвары менен Түгөлбай Ата көчөсүнүн кесилишиндеги темир жол станциясынын жанында чогулган адамдар Ак үйдүн имаратын көздөй жөө жүрүшкө чыгышты.

Жүрүшкө жарандык активисттер, айрым саясатчылар, депутаттар да катышууда.

Митингдегилер «Хансыз өлкө», «Референдумга жол жок», «Мыйзамдуу өлкө» деген чакырыктарды айтып жатышат.

Белгилей кетсек, Жогорку Кеңеш референдум өткөрүү тууралуу мыйзам долбоорун даярдап, коомдук талкууга койду. Анда Баш мыйзамга бир топ өзгөрүүлөр кирип, көп жоопкерчилик президентке жүктөлөрү жазылган. Референдумду 10-январда президенттик шайлоо менен бирге өткөрүү пландалууда.

Copyright © 2017 Maral FM