Биз менен байланышыңыз

Жалал-Абад шаарынын мэрин шайлоо күнү жылдырылды

Кыска кабар | 21 Ноя 2020 | 616 | 0

Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматына ылайык, Жалал-Абад шаарынын мэрин шайлоо башка күнгө, тактап айтканда, 3-декабрга жылдырылды. 

Белгилей кетсек, Жалал-Абад шаарынын мэрин шайлоо 17-ноябрда өтмөк. Бирок жалгыз талапкер катары катталган Эрнисбек Ормоков катышуудан баш тарткандыктан, шайлоо мөөнөтүн кийинкиге жылдыруу чечими кабыл алынган. 

Жеке ишкер Эрнисбек Ормоков 4-октябрда өткөн парламенттик шайлоого «Мекенчил» партиясынан талапкер катары катышкан. 

Жалал-Абад шаарынын мурунку мэри Мураталы Тагаев 6-октябрда өлкөдөгү башаламандыктардан улам өз каалоосу менен кызматтан кеткен.

Copyright © 2017 Maral FM