Биз менен байланышыңыз

БУУ Косово менен Түркиянын 6 жаранын экстрадициялоо операциясын айыптады

Дүйнө | 21 Ноя 2020 | 624 | 0

Бириккен Улуттар Уюмунун мыйзамсыз кармоо боюнча жумушчу тобу 24-28-августта өткөн 88-жыйынында Косово жана Түркия өкмөтү бир катар жарандын укугун одоно бузгандыгын аныктады.

Жумушчу топ укугу бузулганы аныкталган Кахраман Демирез, Мустафа Эрдем, Хасан Хусеин Гүнакан, Юсуф Карабина, Осман Каракая жана Жихан Өзкандын 2018-жылы 29-мартта Косоводо кармалышы жана камалышы эл аралык адам укуктары нормасына каршы келерин тастыктады.  Аталган топ Косово боюнча жыйынтыкта, 6 түркиялык жарандын эркинен ажыратылышын Жалпы адам укугу декларациясынын 2-беренесине (теңдик жана дискриминация), 3-беренесине (жашоо, эркиндик жана коопсуздук кепилдиги), 8-беренесине (укугун коргоо укугу), 9-беренесине (камакка алуу), 10-беренесине (сот ишин акыйкат жүргүзүү укугу) жана 19-беренесине (көз караш жана сөз эркиндиги) каршы келгендигин жарыялады.

Ал эми Түркия бийлиги да аларды камоо менен ушул декларациянын 6 беренесин бузганы айтылган.

Ошол себептүү БУУнун жумушчу тобу Түркия өкмөтүнөн аталган 6 адамды тез арада боштондукка чыгаруусун, Түркия менен Косово бийлиги аталган жарандарга компенсация жана башка чыгымдарын төлөп берүүсүн талап кылды.  Ошондой эле эпидемиологиялык абалды эске алып, бул маселени тезинен чечүүгө чакырды.

Соңку 3 жыл ичинде Түркияда өзүм билемдик менен камакка алынгандардын саны көбөйгөнү айтылат. Мындан улам БУУнун жумушчу тобу бул сыяктуу бири-бирине окшогон системалуу аркеттерге тынчсыздануусун билдирди. Ошондой эле түрк бийлигине кеңири жайылган, адамзатка каршы кылмыш болуп саналган эл аралык адам укугун бузганы үчүн эскертүү берилди.

2018-жылдын 29-мартында Косовонун 2 шаарында 6 түрк жараны кармалган. Ар бирин ар башка жерден 5-6, кээ биринде 10 кызматкерден турган топ колго түшүргөн. Бул операция Косовонун чалгындоо агенттиги тарабынан уюштурулуп, Түркиянын коопсуздук кызматкерлерине өткөрүлүп берилген. Аларды Түркиянын жеке туристтик компаниясынын учагы менен алып барышкан. Хасан Хусеин Гүнакан экстрадициялоо чечими чыккан башка түрк жаранына окшош болгону үчүн жаңылыштык менен кармалганына карабай эркинен ажыратылды. Мындан көп өтпөй эле болуп өткөн окуядан Косово акыйкатчы институту кабардар болуп, ишти иликтөөгө ала баштады. Аталган өлкөнүн парламенти да атайын комиссия түзүп, прокуратура карап чыгып, расмий билдирүү кылуусу үчүн 4 айлык мөөнөт берилди.

Косовонун акыйкатчы институту 6 түрк жаранынын кармалышын жана экстрадицияланышын эл аралык укуктук нормаларды бузуу катары тааныды. Ал эми парламенттин түзгөн комиссиясы да бул ишке аралашкандардын берген сурагынын натыйжасында 31-берене боюнча укук бузууну аныктаган.

Copyright © 2017 Maral FM