Биз менен байланышыңыз

Камсыздандыруу полисин албаган айдоочуларга айып пул салуунун мөөнөтү дагы жылдырылат

Кыска кабар | 19 Ноя 2020 | 466 | 0

Өкмөт Кыргызстанда «Автотранспорт каражаттарынын ээлеринин жарандык-укуктук жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө» мыйзамды аткаруу мөөнөтүн (ОСАГО) 2023-жылдын 1-январына жылдырууну сунуштоодо. Бул тууралуу Каржы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын жетекчиси Арзыбек Кожошев маалымат жыйында кабарлады.

Анын айтымында, Кыргызстанда жүргөн чет элдик автоунаалар үчүн ОСАГО полиси 2021-жылдын 1-июлунан баштап, мамлекеттик, муниципалдык, юридикалык жана жүргүнчү ташуучу автоунаалар үчүн 2022-жылдын 1-январында, ал эми жалпы унаалар үчүн 2023-жылдын 1-январында киргизилет.

Кожошев ОСАГО полисин киргизүү мөөнөтүн жылдыруу коронавируска байланыштуу экендигин айтууда.

Кыргызстанда «Автотранспорт каражаттарынын ээлеринин жарандык-укуктук жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө» мыйзам 2015-жылы кабыл алынган. Ал 2019-жылдын 7-февралында күчүнө кирмек, бирок 2021-жылга жылдырылган.

Бул жолу камсыздандыруу полисин албаган айдоочуларга айып пул салуу мөөнөтүн 2023-жылга узартуу сунушталып жатат.

Долбоордун максаты унаа кырсыгынын натыйжасында келтирилген зыяндын ордун толтурууга жабырлануучунун жана компаниянын укуктарын, мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо болуп саналат.

Кыргызстанда 16 компания камсыздандыруу ишмердиги менен алектенет.

Copyright © 2017 Maral FM