Биз менен байланышыңыз

Баткенде Өзбекстандын жардамы менен оорукана курула башталды (фото)

Кыска кабар | 19 Ноя 2020 | 1086 | 0

Өзбекстандын колдоосу менен Баткен облусунун Кадамжай районуна 200 орундуу жугуштуу оорулар ооруканасынын курулушу башталды.  Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Оорукананын курулушу үчүн модулдук курулмаларды (контейнер) алып келген «Өзбекстан темир жолдору» ачык акционердик коомунун жетекчиси Хуснитдин Хасилов баштаган делегацияны Кызыл-Кыя шаарындагы темир жол бекетинен Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Жаныбек Жалалов тосуп алды.

Ыйгарым укуктуу өкүл өз сөзүндө кошуна мамлекеттин колдоосу үчүн ыраазычылык билдирип: «Пандемия менен күрөшүүдө элибиздин саламаттыгына кам көрүп, жакындан жардам көрсөткөнү эки элдин кылым карыткан кошуналык жакын мамилесин далилдеп, кыргыз-өзбек элинин ынтымагын дагы бир ирет бекемдеди», — деди.

Ооруканага ыңгайлашкан 40 контейнер темир жол аркылуу облуска келип түштү. Жеңил конструкциядагы оорукана Кадамжай районунун аймактык ооруканасынын короосуна, 1 гектарга жакын аянтка курулат. Учурда ордун даярдоо иштери башталды.

Жетекчилер бул күнү имарат түшө турган аянтты да көрүп чыгышты.

Оорукана 10 күндүк мөөнөттө курулуп бүтүп, керектүү медициналык жабдуулар жана эмеректер менен камсыздалат. Ал эми бейтаптарды дарылоо үчүн Өзбекстандан дасыккан дарыгерлер келип, баткендик кесиптештери менен тажрыйба алмашышат.

 

Copyright © 2017 Maral FM