2021-жылы мамлекеттик карызды төлөөгө 35,3 миллиард сом жумшалат. Бул тууралуу Финансы министрлигинин маалыматында айтылат.
Анын 19,9 миллиард сому тышкы карызга жана 15,4 миллиард сому ички карызга сарпталат.
2020-жылга бекитилген бюджетте мамлекеттик карызды төлөөгө 28,8 миллиард сом — анын 16,2 миллиард сомун тышкы карызга жана 12,7 миллиард сомун ички карызга бөлүү каралган.
Ошондой эле ушул жылдын октябрь айында мамлекеттик карызды төлөө үчүн республикалык бюджеттен 1 миллиард 400 миллион сомго жакын акча бөлүнгөн.