Биз менен байланышыңыз

«Кытай карызы экономикабызга дээрлик пайдасы тийген жок»

Кыска кабар , Пикирлер | 18 Ноя 2020 | 560 | 0

Кытайдан алынган карыздын Кыргызстандын экономикасына пайдасы дээрлик тийген жок. Мындай пикирин ишкер Жоодар Сайдилкан «Маралга» берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, долбоорлор мамлекет жана жеке өнөктөштүк аркылуу ишке ашканда экономикага пайдасы тийип, бийликке көп жоопкерчилик жүктөлмөк эмес. Дүйнөлүк тажрыйбада мындай ыкма кеңири колдонулат.

«Мамлекет жеке менчик секторго мүмкүнчүлүк бериши керек. Мамлекет коопсуздукту колго алып, калган бардык (билим берүү, саламаттыкты сактоо…) тармактардан чыгышы зарыл. Учурда мамлекеттин колунда толгон-токой компаниялар бар. Алар жеке менчик менен кызматташуу долбоору аркылуу сынакка катышса, бизге инвестиция келип баштамак, мамлекет мойнуна кошумча жүк албайт эле», — деди Сайдилкан.

Copyright © 2017 Maral FM