Биз менен байланышыңыз

Карыздарды төлөөдө Кытай кандай шарт коюушу мүмкүн?

Кыска кабар , Пикирлер | 18 Ноя 2020 | 682 | 0

Тышкы карыздарды төлөөнүн мөөнөтүн узартууда Кытай Кыргызстанга газ түтүгү, темир жол, кендерди берүү сыяктуу шарттарды коюшу ыктымал. Булардын баары оор. Мындай пикирин саясатчы Равшан Жээнбеков «Маралга» берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, карыздардын баары туура эмес алынып пайдаланылган. Мисалы, приоритеттүү эмес багыттарга көлөмдүү карыздарды алып, экономикага салуу жаңылыш чечим болгон.

«Туура эмес кадамдарды айтып чыккан саясатчыларды коомчулук убагында уккан эмес. Маселен, Кытайдан алынган карыздардын баарына парламентте, коомдо 5-6 саясатчы каршы болгонбуз. Бирок ал убакта баарыбызды жаман көргөн. Эми дагы карыз ала турган болсок, коомчулук үн катпай отура берсе, өтүп кеткен соң, кыйкыргандан эч кандай пайда жок», — деди Жээнбеков.

Эске салсак, Кыргызстандын Кытайга 2 млрд долларга жакын бересеси бар.

Copyright © 2017 Maral FM