Биз менен байланышыңыз

Түркияда коменданттык саат киргизилди

Дүйнө , Кыска кабар | 18 Ноя 2020 | 580 | 0

Коронавирус инфекциясынын тездик менен жайылуусуна байланыштуу Түркияда дем алыш күндөрү чектөөлөр киргизилди. Мындай чечимди өлкө президенти Режеп Тайип Эрдоган жарыялаганын «Anadolu» агенттиги жазды.

Ага ылайык, дем алыш күндөрү эртең мененки саат 10дон кечки 8ге чейин элдин көчөгө чыгышына тыюу салынды.

Жашы 65тен ашкан жана 20 жашка чейинки жарандардын күн сайын көчөгө чыгышына да чектөөлөр бар.

Орто мектептерде билим берүү жыл аягына чейин дистанттык негизде улантылмай болду.

Түркиянын бардык аймактарында ресторан-кафелерден тамактанууга болбойт. Ал эми тамак-ашты үйгө ала кеткенге гана уруксат берилет.

Токтомдун негизинде, коомдук жайларда чылым чегүүгө толугу менен тыюу салынып, ири өлчөмдө айып пул салынары маалымдалган.

Ошондой эле инфекцияга каршы күрөшүүнүн дагы бир кадамы катары өлкөдөгү жалпы кинотеатрларды жабуу чечими болду.

Соңку маалыматтар боюнча Түркияда коронавирус менен жалпы 417 миң 594 адам катталган.

Copyright © 2017 Maral FM