Биз менен байланышыңыз

Чек ара кызматы УКМКнын курамына өттү

Кыска кабар | 14 Ноя 2020 | 626 | 0

Мамлекеттик чек араны кайтаруу тутумун өркүндөтүү, эл аралык кылмыштуу топтордун кирүү коркунучуна каршы туруу, чектеш мамлекеттерден Кыргызстандын аймагына жүктөрдүн жана товарлардын, баңгизат каражаттарынын жана куралдын мыйзамсыз алып келинишине каршы күрөшүүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу, ошондой эле мамлекеттик бийликтин аткаруу органдарынын функцияларын оптималдаштыруу максатында Мамлекеттик чек ара кызматы Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин курамына өткөрүлдү.

Тийиштүү токтомго премьер-министр Садыр Жапаров кол койду.

Кабыл алынган чечимге ылайык, Чек ара кызматынын базасында, жайгашкан жери Бишкек шаары болгон УКМКнын Чек ара кызматы түзүлдү. Бул кызматтын директору УКМКнын төрагасынын биринчи орун басары болуп саналат.

УКМКга Чек ара кызматынын ишин жөнгө салуучу ченемдик укуктук актыларды өзгөртүү боюнча сунуштарды бир айлык мөөнөттө киргизүү тапшырмасы берилди.

Copyright © 2017 Maral FM