Биз менен байланышыңыз

Өзбекстан: ИИМ Гүлнара Каримованын саламаттыгы тууралуу маалыматты четке какты

Дүйнө , Кыска кабар | 13 Ноя 2020 | 414 | 0

Өзбекстанда аялдар түрмөсүндө жазасын өтөп жаткан Гүлнара Каримованын саламаттыгы начарлап кеткени жөнүндөгү маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу коңшу Өзбекстандын ИИМи билдирүү жасады.

Октябрда Гүлнара Каримованын кызы Иман Каримова «Инстаграмдагы» баракчасына апасынын абалы начарлап кеткенин жана ал түрмөнүн медицина бөлүмүндө пневмония диагнозу менен дарыланып жатканын жазган.

ИИМдин өкүлү Гүлнара Каримованын түрмөдө өз жанын кыйганы тууралуу кептерди да четке какты.

«Өзүн-өзү өлтүрүү же башка терс окуялар жөнүндөгү сөздөр негизсиз. Гүлнара Каримова сот белгилеген жазасын өтөп жатат», — деди Умида Абдуллаева.

Өзбекстандын мурдагы президентинин кызы, 48 жаштагы Гүлнара Каримова «Опузалап мүлктү менчиктеп алуу», «Ыксыз сарптоо», «Кылмыш жолу менен табылган кирешелерди адалдоо» беренелери боюнча айыпталып, 13 жыл төрт айга эркинен ажыратылган.

Copyright © 2017 Maral FM