Биз менен байланышыңыз

Өзбекстан: Гүлнара Каримованын тергөө иши аяктады

Дүйнө , Кыска кабар | 7 Янв 2020 | 819 | 0

Өзбекстандын тунгуч президенти Ислам Каримовдун кызы Гүлнара Каримованын аракети боюнча кезектеги териштирүү иштери аяктады. Бул тууралуу өлкөнүн Башкы прокуратурасы билдирди.

Маалыматка ылайык, тергөө жыйынтыкталып, кылмыш иши Жогорку сотко тапшырылган.

Буга чейин Гүлнара Каримованын жаза мөөнөтү 5-ирет узартылганы айтылган болчу. Кызы Иман Инстаграм баракчасында, Өзбекстан бийлиги апасына «толгон айыптарды» мойнуна алдыруу үчүн мыйзамсыз ыкмаларды колдонуп жатканын жазып келет.

Анын айтымына караганда, Гүлнара Каримованын «жаза мөөнөтү 5-ирет узартылды» жана «чындык бир топ бийлик өкүлдөрү менен байланыштуу болгондуктан анын жайылуусунан коркуп, толук изоляцияда кармап келет».


Гүлнара Каримованын жаза мөөнөтү 5-ирет узартылды


Эске салсак, Гүлнара Каримова 53 миллион доллар өлчөмүндөгү каржылык кылмыш боюнча айыпталып, 2017-жылдын декабрында 10 жылга соттолгон. Кылмыш иши 2013-жылы Ислам Каримовдун көзү тирүүсүндө козголуп, Каримов каза болгондон кийин 2017-жылы декабрда соттун өкүмү чыккан. Гүлнара Каримова салык төлөөдөн качуу, акча уурдоо, опузалоо жана оффшор компаниялардын документтерин жок кылуу боюнча күнөөлүү деп табылган. Кийин Ташкенттин облустук соту жазаны беш жылдык үй камагына өзгөрткөн.

Быйыл марттын башында Гүлнара Каримова сот койгон тартипти бузгандыгы айтылып, жалпы тартиптеги абакка которулган.

Copyright © 2017 Maral FM