Биз менен байланышыңыз

Гүлнара Каримованын жаза мөөнөтү 5-ирет узартылды

Дүйнө , Кыска кабар | 5 Дек 2019 | 524 | 0

Өзбекстандын тунгуч президенти Ислам Каримовдун кызы Гүлнара Каримованын абактагы мөөнөтү кайра узартылды. Бул тууралуу анын кызы Иман Каримова инстраграмдагы баракчасына жазды. Бирок качан, ким тарабынан узартылганы так айтылган эмес.

Иман Өзбекстан бийлиги апасына «толгон айыптарды» мойнуна алдыруу үчүн мыйзамсыз ыкмаларды колдонуп жатканын жазган.

Анын айтымына караганда, Гүлнара Каримованын «жаза мөөнөтү 5-ирет узартылды жана чындык бир топ бийлик өкүлдөрү менен байланыштуу болгондуктан анын жайылуусунан коркуп, толук изоляцияда кармап келет».

Эске салсак, Иман Каримова 4 күн мурда мындан ары «iman.k17» аккаунтун анын агасы жана жактоочулар колдонорун айткан болчу.

Гүлнара Каримованын швейцариялык жактоочусу Грегуар Манжа 25-ноябрда Өзбекстан коргоочусу менен жолугууга уруксат бербей жатканын твиттердеги баракчасына жазган.

Эске салсак, Гүлнара Каримова 53 миллион доллар өлчөмүндөгү каржылык кылмыш боюнча айыпталып, 2017-жылдын декабрында 10 жылга соттолгон. Кылмыш иши 2013-жылы Ислам Каримовдун көзү тирүүсүндө козголуп, Каримов каза болгондон кийин 2017-жылы декабрда соттун өкүмү чыккан. Гүлнара Каримова салык төлөөдөн качуу, акча уурдоо, опузалоо жана оффшор компаниялардын документтерин жок кылуу боюнча күнөөлүү деп табылган. Кийин Ташкенттин облустук соту жазаны беш жылдык үй камагына өзгөрткөн.

Быйыл марттын башында Гүлнара Каримова сот койгон тартипти бузгандыгы айтылып, жалпы тартиптеги абакка которулган.

Copyright © 2017 Maral FM