Биз менен байланышыңыз

Өзбекстан: Гүлнара Кримованын кызы Имандын Инстаграм баракчасын башка бирөө колдонууда

Дүйнө , Кыска кабар | 11 Июл 2019 | 924 | 0

Өзбестандын Ички иштер жана Юстиция министрлери «Өзбекстандын маркум президенти Ислам Каримовдун кызы Гүлнара Каримовага кысым жасалып, медициналык жардам көрсөтүлбөй жатат» деген маалыматты четке какты. Мындай маалымат 3-июлда Гүлнара Каримованын кызы Иман Каримованын Инстаграм баракчасында жазылган болчу.

7-10-июль аралыгында Гүлнарага жакындары менен узак убакытка созулган баарлашуу уюштурулган. Андан соң Иман Кариова апасына эч кандай кысым болбогонун, дарыгерлер саламаттыгын көзөмөлдөп турганын билдирген. Бул тууралуу Минюсттун басма сөз кызматы маалымдады.

Интаграмда жазылган кысым көрсөтүү тууралуу маалымат каяктан чыкканын сураганда Иман, «iman.k17» аккаунту өзүнүкү экенин, бирок апасынын жагдайына тийиштүү публикацияларды «башка тарап» жарыяларын айткан.

Өзбекстандын башкы прокурору март айында Гүлнара Каримова өз жанына кастык жасоого аракет кылды деген маалыматты да четке каккан болчу.

Жактоочу: «Каримованын коопсуздугу каралмайынча, Швейцария Өзбекстанга акча которбойт»

Copyright © 2017 Maral FM