Биз менен байланышыңыз

Өзбекстан: Гүлнара Каримованы жактаган артисттер эфирден четтетилди

Дүйнө , Кыска кабар | 18 Июл 2019 | 787 | 0

12-июлда Өзбекстандагы Zo’rTV жеке каналы ырчы Жахонгир Позилжонов менен актриса Халима Ибрагимованы эфирден четтеткен. Алар катышкан бардык рекламалык роликтерди да көрсөтүүгө тыюу салынды. Ошондой эле, Ташкенттин көчөлөрүнө илинген Жахонгирдин чипсыны жарнамалаган баннерлери да алынып, башкага алмаштырылган.

Телеканалдан билдиргендей, мындан тышкары ырчылар Райхон Ганиева менен Зиёда Кобилованын ырлары да эфирден алынган.

Маалыматтарга ылайык, буга алардын Өзбекстандын экс-президентинин кызы, абакта жаза мөөнөтүп өтөп жаткан Гүлнара Каримованы социалдык тармактардагы баракчалары аркылуу жактаган аракеттери себеп болгон.

«Өзбекконцерт» мамлекеттик бирикемесинин өкүлү бул чаралар убактылуу болушу мүмкүн экенин айтты.

Белгилей кетсек, 24-25-июнда өзбек шоу-бизнесинин айрым өкүлдөрү социалдык түйүндөр аркылуу Гүлнара Каримованы колдогон челленж уюштуруп, аны эртерээк бошотууну суранышкан.

Copyright © 2017 Maral FM