Биз менен байланышыңыз

Гүлнара Каримова 13 жылга эркинен ажыратылды

Дүйнө , Кыска кабар | 18 Мар 2020 | 423 | 0

Өзбекстандын тунгуч президенти Ислам Каримовдун кызы Гүлнара Каримова 13 жыл 4 айга эркинен ажыратылды. Мындай чечимди Ташкент шаардык соту кабыл алды.

Маалыматка караганда, жаза өтөө мөөнөтү 2015-жылдын 21-августунан тарта эсептелинет.

2019-жылдын декабрында Башкы прокуратура тергөө Г.Каримова уюшкан кылмыштуу топ менен иштегенин аныктаганын маалымдаган. Мындан тышкары Каримова басым көрсөтүү жана коркутуу жол менен ар кайсы компаниялардын ээлеринин мүлктөрүн өзүнө каттатып турган. Ал 165 млн доллар жана 85 млрд сумга (9 млн доллар) зыян келтиргени айтылган.

Буга чейин, Гүлнаранын кызы Иман «Инстаграмдагы» баракчасында бир нече ирет Өзбекстан бийлиги апасына «толгон айыптарды» мойнуна алдыруу үчүн мыйзамсыз ыкмаларды колдонуп жатканын жазган.

Ал, Гүлнара Каримованын «жаза мөөнөтү узартылып жатканын жана чындык бир топ бийлик өкүлдөрү менен байланыштуу болгондуктан анын жайылуусунан коркуп, толук изоляцияда кармап келерин» айткан.


Гүлнара Каримованын жаза мөөнөтү 5-ирет узартылды


Эске салсак, Гүлнара Каримова 53 миллион доллар өлчөмүндөгү каржылык кылмыш боюнча айыпталып, 2017-жылдын декабрында 10 жылга соттолгон. Кылмыш иши 2013-жылы Ислам Каримовдун көзү тирүүсүндө козголуп, Каримов каза болгондон кийин 2017-жылы декабрда соттун өкүмү чыккан. Гүлнара Каримова салык төлөөдөн качуу, акча уурдоо, опузалоо жана оффшор компаниялардын документтерин жок кылуу боюнча күнөөлүү деп табылган. Кийин Ташкенттин облустук соту жазаны беш жылдык үй камагына өзгөрткөн. 2019-жылы марттын башында Гүлнара Каримова сот койгон тартипти бузгандыгы айтылып, жалпы тартиптеги абакка которулган.

Copyright © 2017 Maral FM