Биз менен байланышыңыз

Өзбекстан: Гүлнара Каримованы абактан тез жардам менен алып кетти

Дүйнө , Кыска кабар | 19 Июл 2019 | 668 | 0

Өзбекстандагы №21 Занги-Ота аялдар колониясында жазасын өтөп жаткан Өзбекстандын туңгуч президентинин кызы Гүлнара Каримова абактан «Тез жардам» унаасы менен чыгарылып кетти. Бул тууралуу Каримованын швейцариялык жактоочусу Грегуар Манжа өзүнүн Твиттердеги баракчасына жазды.

Жактоочунун айтымында, 18-июлда анын Каримова менен жолугушуусуна уруксат берилген эмес. Ал короодо күтүп турган маалда абактан эки «Тез жардам» унаасы чыгып кеткен. Кийинчерээк юрист жеке булактарына таянып, алардын биринде Гүлнара Каримова болгонун билдирди.

Буга чейин жактоочу кардарынын ден соолугу начардыгын, дарыгерлердин жардамына муктаж экенин айтып келген. Ошондой эле, Гүлнара Каримованын кызы Иман Каримова да Инстаграмдагы баракчасына апасынын саламаттыгына коркунуч бар деген билдирүү жазган. Анын билдирүүсүнө таянсак, Гүлнара Каримованын абалы күн сайын начарлап, ага керектүү медициналык жардам көрсөтүлбөй келет. Ошондой эле, абак кызматкерлери психологиялык жактан басмырлап, денесине залал келтирген.

Бирок мындай маалыматты өлкөнүн Юстиция министрлиги четке каккан. Каримованын камактагы шарттарга дооматы жоктугун билдирип, саламаттыгы бир калыпта экенин айткан.

Эске салсак, Гүлнара Каримова 53 миллион доллар өлчөмүндөгү каржылык кылмыш боюнча айыпталып, 2017-жылдын декабрында 10 жылга соттолгон. Кылмыш иши 2013-жылы Ислам Каримовдун көзү тирүүсүндө козголуп, Каримов каза болгондон кийин 2017-жылы декабрда соттун өкүмү чыккан. Гүлнара Каримова салык төлөөдөн качуу, акча уурдоо, опузалоо жана оффшор компаниялардын документтерин жок кылуу боюнча күнөөлүү деп табылган. Кийин Ташкенттин облустук соту жазаны беш жылдык үй камагына өзгөрткөн.

Быйыл марттын башында Гүлнара Каримова сот койгон тартипти бузгандыгы айтылып, жалпы тартиптеги абакка которулган.

Copyright © 2017 Maral FM