Биз менен байланышыңыз

Бешимов: Америка — консенсустук коом

Кыска кабар , Пикирлер | 10 Ноя 2020 | 467 | 0

Тышкы иштер министринин мурунку орун басары Аскар Бешимов «Марал» радиосуна берген маегинде АКШдагы шайлоолор түз болбосо да, кыйыр түрдө бүткүл дүйнөгө таасир этерин билдирди.

Анын айтымында, АКШ — консенсустук коом. Кандай гана пикир келишпестик, кырдаал болбосун, алар ар дайым консенсуска келишет. Америкада өткөн шайлоого байланыштуу да ушундай эле абал сакталат, тараптар бир пикирге келишет.

Бешимов АКШда президенттик шайлоодо демократчылардын атынан чыккан Жо Байдендин жеңишинде эч кандай күмөн жок экенин белгиледи.

«Дональд Трамп да шайлоодо татыктуу жыйынтык көрсөттү. Көпчүлүк анын утуп чыгышынан үмүт артты. Бирок жыйынтыктар сюрприз болду. Америкада шайлоолордун жыйынтыктары дайыма ушундай болот. Эми Трамп Байден менен кол алышып, кызматтан татыктуу кетет деп ойлойм. Учурда анча чоң эмес саясий оюн жүрүп жатат, саналуу күндө бүтөт», — деди Бешимов.

Эске салсак, АКШда 3-ноябрда президенттик шайлоо өткөн. Анда алдын ала жыйынтыкка ылайык, Жо Байден жеңген.

Copyright © 2017 Maral FM