Биз менен байланышыңыз

Трамп сотко кайрылды: «Биз добуш берүү токтошун каалайбыз»

Дүйнө , Кыска кабар | 4 Ноя 2020 | 816 | 0

АКШ президенти Дональд  Трамп добуштарды саноонун аякташын күтпөстөн, өзүн жеңүүчү деп жарыялап, мындан ары эсептөөнү токтотууну талап кылды.

«Алар америкалыктарды алдоону каалашат. Бул — уят иш. Ири масштабдагы алдамчылык даярдалууда, биз мыйзамды колдонууну каалайбыз, биз Жогорку Сотко кайрылабыз. Биз добуш берүүнүн токтошун каалайбыз», — деди ал.

Добуш берүүдөн мурун деле ушул сценарий жөнүндө көп сөз болгон: алдын ала жана почта аркылуу добуш бергендердин санынын көптүгүнөн улам, добуштарды саноо кечеңдетилип жатат жана дал ушул бюллетендерде Трампка караганда атаандашы Жо Байдендин аты көп кездешет.

Ал эми Байдендин Аризонада жеңишке жетиши күтүлүп жатат. Аризона — чечүүчү штаттардын бири. Эгерде божомол так чыкса, Байденге 11 шайлоочу тобу добушун берет.

Copyright © 2017 Maral FM