Биз менен байланышыңыз

Трамп: Биз бул шайлоодо жеңишке жетиштик

Дүйнө , Кыска кабар | 4 Ноя 2020 | 570 | 0

Учурдагы президент Дональд Трамп Вашингтондогу тарапташтарына кайрылып, шайлоодо жеңип чыкканын айтты.

«Биз чоң майрамга даярданып жатабыз. Жыйынтыгы укмуштай. Дагы бир жолу айтам, биз салтанатка даярданып жатабыз. Көз алдыбызда болуп жаткан окуялар таң калыштуу. Ушул учурда мени колдонгондорго кол чапкым келет. Кантип кол чаппайсың? 

Ушул жерде алар биздин добуштарыбызды уурдап алууга аракет кылып жатышат деп айткым келет. Бирок штаттардагы ажырымдын көлөмүн караңыз, республикачылардын добушун жөн эле алып салууга болбойт. Демократтар бизге жете алышпайт. Мен жеңишке ишенем.

Биз күтпөгөн штаттарда жеңишке жетиштик: Пенсильванияда жеңдик, Джорджия менен Түндүк Каролинада да жеңдик. Ал тургай, Висконсин штатындагы Мичиганда жеңишке жетишип жатабыз. Чынын айтканда, биз жеңиш үчүн бул штаттарда жеңиштин деле кереги жок.

Чындыгында ушул сөзүмдө жеңишимди жарыялашым керек болчу, бирок добуштарды эсептөө көпкө созулду. Бул шайлоодогу ири бурмалоолор болушу мүмкүн. Добуштар шайлоо участкалары жабылгандан кийин кабыл алынса, Жогорку Сотко кайрылабыз. Биз ошол шайлоодо жеңишке жетиштик», — деди Трамп.

Акыркы божомолдор боюнча, Жо Байден алдыда: 244-217.

Бирок «Washington Post» гезити билдиргендей, эсеп Байдендин пайдасында 219дан 213кө чейин. Эгер Трамп айткандай, Пенсильванияда жеңип чыкса, эсеп анын пайдасына өзгөрүшү мүмкүн.

Америка Кошмо Штаттарынын президенти болуу үчүн талапкер шайлоо коллегиясынын 270 мүчөсүнүн добушуна ээ болуу керек.

https://www.facebook.com/FoxNews/videos/761716501048091/

Copyright © 2017 Maral FM