Биз менен байланышыңыз

Трамп шайлоодогу жеңишин уурдоо аракети болуп жатканын айтты

Дүйнө , Кыска кабар | 4 Ноя 2020 | 345 | 0

АКШнын учурдагы президенти Дональд Трамп шайлоодогу жеңишин уурдап алуу аракети болуп жатканын, бирок ал буга жол бербей турганын билдирди.

«Биз чоң дүрбөлөңгө түштүк, бирок алар шайлоону уурдап алууга аракет кылып жатышат. Биз буга эч качан жол бербейбиз», — деп жазды ал «Твиттер» баракчасына.

«Твиттер» Трамптын бул билдирүүсүн шектүү деп белгиледи.

Акыркы маалыматтар боюнча, Байденге 238, Трампка 213 шайлоо тобу добуш берди.

Copyright © 2017 Maral FM