Биз менен байланышыңыз

Венадагы кол салуудан эки адам каза болду

Дүйнө , Кыска кабар | 3 Ноя 2020 | 395 | 0

2-ноябрдын кечинде белгисиз адамдардын тобу Венанын борборунда бир катар кол салууларды уюштурушту. Кол салуу болгон жерге жакын жүргөн бир адам ошол жерде каза болду, бир жабырлануучу ооруканада көз жумду.

Дагы 15тей адам жаракат алганы айтылууда. Кол салгандардын бири өлтүрүлүп, калгандары качып кетүүгө үлгүрүшкөн. Вена бийлиги бул окуяны теракт деп атады.

Азырынча кылмышкерлердин жүйөлөрү, так саны жана ким экендиги белгисиз. Бийлик маалыматтарды ачыкка чыгаруудан баш тартты, анткени аларды кармоо операциясы жүрүп жатат.

Венанын жашоочуларына үйдө отурууга тапшырма берилди. Австриянын канцлери Себастьян Курц операция дагы бир нече саатка созуларын айтып, жарандарды эртең менен эшикке чыгардан мурун акыркы жаңылыктар менен таанышууга үндөдү.

Күбөлөр кеминде 50 жолу ок атылганын билдиришүүдө. Вена полициясы шаар борборунда ири операция жарыялады.

Copyright © 2017 Maral FM