Биз менен байланышыңыз

Баткен театры: Ноябрь айындагы сезонду онлайн ачабыз

Көңүл ачуу , Кыска кабар | 2 Ноя 2020 | 453 | 0

Апаз Жайнаков атындагы Баткен облустук музыкалуу драма театрынын ноябрь айындагы спектаклдери онлайн көрсөтүлөт. Бул тууралуу театрдын адабият бөлүмү билдирди.

Алардын айтымында, иш процесс токтоп калбашы үчүн театрды онлайн болсо да иштетип турууну ылайык көрүшкөн. Алдыдагы жаңы сезондо «Атадан калган туяк», «Жүрөлүчү жүрөк оорутпай», «Баткен согушунун 20 жылдыгына карата театралдаштырылган көрүнүш», «Сыйкырдуу так» спектаклдерин алып чыгуу каралган, мындан тышкары «Кагылайын телефон» аттуу телеспектакль даярдалып жатат.

«Тилекке каршы, азыркы абалга жараша көрүүчүлөр спектаклдерди онлайн түрүндө көрүшөт. Негизи, жандуу көргөнгө жетпейт. Залда көрүүчүлөр жок болсо онлайн тартуулоо биз үчүн да ыңгайсыз. Бирок, айла жоктун иши болуп жатат», — дейт аталган театрдын өкүлү.

Ошондой эле Исхак Раззаковдун 110 жылдыгына карата да спектакль даярдап, элге тартуулоо да пландарында болгонун, тилекке каршы, каржы маселеси убагында чечилбей калгандыктан, учкул ойлорун гана видеоролик кылып чыгаруу менен чектелишкенин айтып берди.

Белгилей кетсек, жаз айында башталган COVID-19 пандемиясынын жайылып кетпөөсүнүн алдын алуу максатында 13-марттагы Коопсуздук кеңешинин чечими менен 17-марттан баштап бир катар мекемелердин, окуу жайлардын имараттары жабылып, кызматкерлер аралыктан иштөө режимине өтүшкөн. Баткен облусунда коронавирус менен ооругандар көп каттала баштаганына байланыштуу 28-сентябрдан тарта кайрадан чектөө чаралары киргизилген.

Copyright © 2017 Maral FM