Биз менен байланышыңыз

Бердибек Жамгырчиев: Баарына чыдаган маданият өкүлдөрү, майрамыңыздар менен!

Көңүл ачуу , Кыска кабар | 2 Ноя 2020 | 861 | 0

2-ноябрь — Маданият кызматкерлеринин күнү. Майрамды утурлай, «Марал» радиосунун «Эсте болсун эки саат» программасында конокто болгон акын Бердибек Жамгырчиев маданият тармагына кандай көңүл буруларын айтып, маданият өкүлдөрүн ыр менен куттуктады.

Жалпы маданият кызматкерлерин бүгүнкү майрамы менен куттуктайм. Маданият кызматкерлерине Кыргызстан кандай көңүл бурарын жакшы билебиз. Эртең менен «өлкөнүн жылаңач баатырлары, майрам кут болсун» — деп жакындар чалып куттукташты. Бул эми — ачыгын айтканда, акыйкат сөз да. «Ооруну жашырсаң, өлүм ашкере кылат» — демекчи, ушуга чейин маданият тармагына канча көңүл бурулду, муну айтсаң көп сөз, көп маселе. Ошондой болсо да баарына чыдап, бардык түйшүктү өздөрүнүн бийик өнөрү менен даңктап келе жаткан жалпы маданият кызматкерлерин чын жүрөгүмдөн куттуктайм.

Маданият — куштун кош канатындай,

Маданият — көзүңдүн карасындай.

Баарыбыз канбай турган өмүр бою,

Маданият — тоолордун абасындай.

 

Чайпалбас деңиз болсо маданият,

Булактай тунук аалам ага куят.

Толкуну далай жерге добуш салар,

Мамлекет болсо эгер ага кубат.

 

Маданият зор тарых пайда кылар,

Маданиятсыз өлкөң да кайра кулар.

Жашооңдогу үч тамырды анык бил:

Жан азыгың — маданият, тарых, тил.

Copyright © 2017 Maral FM