Биз менен байланышыңыз

«Бизнес планың так болсо, насыяны жеңил аласың»

Блог , Экономика | 30 Окт 2020 | 594 | 0

Каржылык продукт – бул: атайын кардарлардын керектөөлөрүн канааттандыруу үчүн иштелип чыккан каржылык курал. Мисалы, үй алганга кардардын каражаты жетпей жатса, атайын ипотека продуктусу сунушталат. Ошондой эле, жеке ишкерлердин бизнесин өнүктүрүү үчүн насыя продуктулары бар. Адам көздөгөн максатына жетүүгө каржы мекемесинен карыз алуу аркылуу мүмкүнчүлүк алат. Эгер кардардын бизнес планы, акча алуудагы максаты так, кредиттик тарыхы жакшы болсо, насыя алуу көп деле кыйынчылык жаратпайт, тактап айтканда, көздөгөн суммасы тез убакытта колуна тиет.   

Биздин бүгүнкү маектешибиз «ИНКОМ» микрофинансы компаниясынын насыя башкармалыгынын башчысы Гүлкайыр Мусаева жогоруда аталган маселелер жана каржылык продукттардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн түрлөрү жөнүндө айтып берди.

– Каржылык продукт кандай өзгөчөлүктөргө ээ?

– Каржы институту насыя алуучулар менен насыя берүүчүлөрдүн ортосунда ортомчулук  кызмат аткарат. Тактап айтканда, насыя берүүчү өзүнүн ашык акчасын көбөйтүп кайтарып алуу максатында компанияга берет. Андан кийин каржы мекемеси ал акчаны карыз алуучуга (кредиторго) пайыз кошуп, насыя түрүндө берет. Карыз алуучу берген пайыздар насыя берүүчүнүн салган акчасын көбөйтүү, компаниянын кирешесин арттыруу үчүн жумшалат.

Дүйнөдө ар бир адам өз жашоосун жана материалдык-каржылык абалын жакшыртууга умтулат. Бирок муктаждыктарын канааттандыруу үчүн ар дайым каржы булагы боло бербейт. Заманбап дүйнөдө өз максаттарына жетүү үчүн жетишпеген каражаттарды «насыя» деп аталган каржылык продукт аркылуу алса болот.

– Насыянын канча түрү бар?

– Насыянын түрлөрү көп, тактап айтканда, максат-ниетке жараша болот. Насыя каалаган максатка жетүү процессин тездетүү милдетин аткарат. Маселен, кардарлар жашоо-шарттарын жакшыртуу, унаа сатып алуу, бизнеске акча алуу жана башка ушул сыяктуу муктаждыктар үчүн атайын лицензиясы бар компанияларга кайрылат.

– Ар бир каржылык продукт мөөнөт менен чектелеби? Канча убакытка берилет?

– Албетте, ар бир каржылык продукттун мөөнөтү жана максаты болот. Мисалы, үй сатып алгыңыз келсе, узак мөөнөткө ири суммадагы акча берилет, ошол эле учурда пайызы да төмөнүрөөк болот. Ал эми, тиричилик буюмдары, унаа сыяктуу күнүмдүк турмушка керектелүүчү каражаттарга кыска мөөнөттүк, пайызы көбүрөөк насыя берилет.

– Каржылык продуктуларды кимдер колдоно алат?

– Негизи, каржы продуктуларын туруктуу иши бар, туруктуу турак жайы бар, төлөй алуу мүмкүнчүлүгү бар, жакшы кредиттик тарыхы бар кардарлар колдоно алат. Тактап айтканда, жетишпеген каржы булактарын толтуруу үчүн насыя алууга болот. Заманбап дүйнөдө насыя алуучу өзү барып, насыя берүүчүнү издөөнүн кажети жок – анүчүн каржы мекемесине кайрылсаңыз болот. Ал белгилүү бир комиссияга каражат табат. Бардык максат муктаж болгондорду ашык каражаты бар адамдар менен натыйжалуу байланыштырууга арналган.

– Кардарлар продуктуну алып колдонгондон кийин өзүнүн пикирлерин кантип билдире алышат?

– Түздөн-түз мекемеге кайрылышы зарыл. Кредит алган адам бизге анын пайдасын же зыянын айтып, кабарлап турганы талапка ылайык. Кандайдыр бир суроо жаралса, бизге бергени туура, анткени аны биз гана чечип бере алабыз.

Copyright © 2017 Maral FM