Биз менен байланышыңыз

Нарын театры: 83-сезонду онлайн ачууга аргасыз болдук

Кыска кабар | 29 Окт 2020 | 449 | 0

Муратбек Рыскулов атындагы Нарын облустук  академиялык музыкалуу драма театры 83-сезонун ачты. Бул тууралуу адабий бөлүмүнүн башчысы Гүлнура Акунова «Марал» радиосуна маалымдады.

Акунова берген маалыматка ылайык, аталган театр өлкөдөгү кырдаалга байланыштуу март айынан бери онлайн режимде иштеп, спектаклдерди расмий сайты, социалдык тармактардагы баракчалары аркылуу көрсөтүүгө аргасыз болушууда. Ошондой эле баягыдай оюн коюп билет сатып, же гастролдорго чыгып кошумча каражат табууга мүмкүнчүлүк жок, министрлик тарабынан да колдоо көрсөтүлбөй, актерлордо каржылык жактан кыйналуу бар экенин билдирди. Антсе да, токтоп калбай, онлайн режимде болсо да, иштеп жатышканын кошумчалады.

«Биздин театр жакында эле 83-сезонду Шамбет Мендебаиров режиссёрлук кылган драматург Мар Байжиевдин «Төрт адам»  лирикалык драмасы менен ачтык. Спектаклди кырдаалга байланыштуу онлайн көргөзүүгө аргасыз болдук. Көрүүчүлөр жакшы кабыл алышып, жылуу ой-пикирилерин  айтышты. Учурда акын Кожогелди Култегиндин «Шыпыргы өмүр» поэмасын сахналаштырып алып чыгуу боюнча даярдыктар көрүлүүдө. Ошондой эле келе жаткан жаңы жылга карата да балдарга арналган жомоктор даярдалууда».

Белгилей кетсек, Нарын театры 2-ноябрь — Маданият кызматкерлеринин күнүнө карата да оюн-зоок кечелерди өткөрүүнү пландап жатышат.

Copyright © 2017 Maral FM