Биз менен байланышыңыз

Пакистан Кыргызстандын медициналык окуу жайларын кара тизмеге киргизди

Кыска кабар | 29 Окт 2020 | 3697 | 0
Сүрөт интернеттен алынды

Пакистан Кыргызстандагы медициналык жогорку окуу жайлардын баарын кара тизмеге киргизди. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги кабарлап, 29-октбярда министр Алмазбек Бейшеналиев аталган окуу жайлардын ректорлору менен жолугушуу өткөрдү.

Медицина тармагындагы окуу жайлардын кара тизмеге киргизилиши Кыргызстанда окуп кеткен пакистандыктардын дипломдорунун өз өлкөсүндө таанылбай жатканы менен түшүндүрүлдү. Ошондой эле алардын 90%ы Пакистан медициналык кеңешинин милдеттүү сынагынан өтө албай жатышат.

Министрлик бул кырдаалды КРнын жана чет өлкөлүк жарандардын даярдыгынын төмөн сапаты менен байланыштырат. Ошондой эле, медицина тармагында чет өлкөлүк студенттерди сапаттуу даярдоо ЖОЖдордун кызыкчылыгы болгонуна карабай, алардын көпчүлүгүнүн эл аралык аккредитациядан өтпөгөнү айтылды.

ИИМ: Пакистандын жаранын сабаганга шектелип үч адам кармалды

Бул жагдай инвестициялык климатка, аны менен катар билим экспортуна терс таасирин тийгизгендиктен, мындан ары министрлик тарабынан ЖОЖдордун ишмердүүлүгүнө, өзгөчө, медициналык окуу жайларга болгон лицензиялык көзөмөл күчөтүлөт. Муну менен катар, жалпы көрсөткүчтү көтөрүү максатында министрлик пакистандык студенттерге болгон кабыл алуу талаптарын катаалдаштырууга чакырды.

Ошондой эле, Пакистан, Индия жана башка өлкөлөрдөн келген студенттердин көйгөйлөрүн чечүү; билим берүү деңгээлин көтөрүү үчүн бардык чараларды көрүү; эл аралык аккредитациялардан өтүү тапшырмалары коюлду.

Коюлган тапшырмалар аткарылбаган учурда, ЖОЖдун лицензиясы мыйзам ченеминде кайрадан каралып чыгат.

Пакистандык ыктыярчы баланы сабагандар аныкталды

Copyright © 2017 Maral FM