Биз менен байланышыңыз

Пакистандык ыктыярчы баланы сабагандар аныкталды

Кыска кабар | 21 Июл 2020 | 789 | 0

Кой-Таш айылында 22 жаштагы пакистандык жаранды сабап кетишкендер аныкталды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматы кабарлайт.

19-июлда Аламүдүн районунун ички иштер органдарына Пакистандын 1998-жылы туулган Ш.С., аттуу жараны арыз менен кайрылган. Ал Кой-Таш айылындагы эс алуучу жайлардын биринин жанында бейтааныш адамдар аны эч себепсиз сабаганын билдирип, аларга карата мыйзам чегинде чара көрүүнү суранган.

Бул окуя Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 266-беренеси (Бейбаштык) боюнча катталып, керектүү экспертизалар дайындалып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.

Учурда милиция кызматкерлери тарабынан чыр-чатакка тиешеси бар шектүүлөрдүн өздүгү аныкталып, аларды кармоо боюнча тиешелүү иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Жергиликтүү маалымат каражаттары жана интернет колдонуучулардын айтымында, сабалган пакинстандык бала Бишкектеги күндүзгү стационарлардын биринде ыктыярчы болуп иштейт.

Copyright © 2017 Maral FM