Биз менен байланышыңыз

ИИМ: Пакистандын жаранын сабаганга шектелип үч адам кармалды

Кыска кабар | 21 Июл 2020 | 399 | 0

Пакистандын жаранын сабаганга шектелип үч адам кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

19-июлда Аламүдүн районунун ички иштер органдарына Пакистандын 1998-жылы туулган Ш.С., аттуу жараны арыз менен кайрылган. Ал Кой-Таш айылындагы эс алуучу жайлардын биринин жанында бейтааныш адамдар аны эч себепсиз сабаганын билдирип, аларга карата мыйзам чегинде чара көрүүнү суранган.

Андан сырткары, ушундай эле арыз менен 2000-жылы туулган А.Х., 1997-жылы туулган Ф.С., жана 1995-жылы туулган А.И., кайрылган.

Бул окуя Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 266-беренеси (Бейбаштык) боюнча катталып, керектүү экспертизалар дайындалып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.

Чүй облустук жана Аламүдүн райондук милиция кызматкерлери тарабынан жогорудагы чыр-чатакка катыштыгы бар делип Ысык-Ата районунун 31 жаштагы жашоочусу Э.О., Бишкек шаарынын жашоочулары 30 жаштагы Д.А., менен К.Б., кармалды.

Аламүдүн РИИБдин Тергөө кызматы тарабынан сотко чейинки өндүрүш жүрүп жатат. Аталган окуяны иликтөөнүн жүрүшү Кыргыз Республикасынын ИИМдин жетекчилиги тарабынан катуу көзөмөлгө алынган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM