Биз менен байланышыңыз

Жо Байден мөөнөтүнөн мурда добуш берди

Дүйнө , Кыска кабар | 29 Окт 2020 | 289 | 0

АКШ президенттигине талапкер Жо Байден мөөнөтүнөн мурда добуш берди.

77 жаштагы Байден аялы Жилл менен кошо 28-октябрда Уилмингтон шаарындагы шайлоо тилкесинде добуш берүүгө келди. Ал бардык гигиеналык чараларды сактап, коргоочу беткап кийип жүргөн.

Саясатчы журналисттерге жарандык милдетин аткарганын айтып, добуш бергенин тастыктады.

Буга чейин анын атаандашы, АКШнын президенти Дональд Трамп 24-октябрда Флорида штатындагы Вест Палм Бич шаарындагы шайлоо участогунда добуш берген.

70 миллиондон ашуун америкалыктар мөөнөтүнөн мурда добуш беришти. Шайлоо 3-ноябрда өтөт.

Copyright © 2017 Maral FM