Connect with us

2025-жылды ыш менен күрөшүү жылы деп жарыялоо сунушталды

Кыска кабар | 27 Ноя 2024 | 195 | 0

Депутат Камила Талиева 2025-жылды “ыш менен күрөшүү, экология жылы” деп жарыялоо сунушун парламенттин 27- ноябрдагы жыйынында айтты.

Ал ыш адамдарды ар кандай оорууларга чалдыктырып жатканын айтып, Саламаттыкты сактоо министрлиги бул жаатта мамлекеттик деңгээлде иш алып баруусу керектигин белгиледи.

Ал белгилегендей, учурда борбор калаадагы ыш боюнча абал абдан татаал.

«Бишкектеги ыштын абалын караңызчы, дем ала албайсың. Сиз коопсуздук кеңешинде, массалык маалымат каражаттарында ыш тууралуу маселе көтөрүүңүз керек. Элдин ден соолугу деп Өзгөчө кырдаалдар министрлиги, Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги болуп иш-чара уюштурганыңарды уккан жокмун. Ыштын айынан эмне деген оорулар козголуп жатат. Алдын алуу иш-чараларын уюштурбайсыздарбы?»,- деди депутат.

Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев ыштын таасири боюнча эки жылдан бери изилдөө жүрүп жатканын белгиледи. Ал ошондой эле ыш респиратордук оорулардын күч алышына таасир этип жатканын, бул багытта мамлекеттик программа боюнча иш жүрүп жатканын кошумчалады.

Акыркы жылдары Бишкекте жыл сайын күз-кыш мезгилинде аба булганып, ыш каптап келет.

Дүйнөдөгү абанын сапатын иликтеген IQAir платформасынын маалыматы боюнча, Кыргызстандын борборунда абанын сапаты ноябрь айында (AQI) “зыяндуу” деген шаарлардын катарына кирди.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM