Connect with us

Президент ЖККУнун жыйынына катышуу үчүн Астанага барды

Кыска кабар | 28 Ноя 2024 | 183 | 0

Президент Садыр Жапаров 27-ноябрда иш сапары менен Казакстандын Астана шаарына барды. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.

Президент Садыр Жапаровду Казакстандын премьер-министри Олжас Бектенов жана башка расмий адамдар тосуп алышты.

Аэропорттун флагштокторуна Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишими уюмуна (ЖККУ) кирген мамлекеттердин желектери илинди, килем төшөлүп, Ардак кароолдун ротасы тизилди.

Иш сапардын алкагында президент Садыр Жапаров Жамааттык коопсуздук кеңешинин кезектеги жыйынына катышат.

Өткөн жылы ЖККУнун кезектеги жыйыны Беларустун борбору Минск шаарында өтүп, жыйындын соңунда 20га жакын документке кол коюлган.

Президент Садыр Жапаров Астанадагы расмий сапарына чейин 25-ноябрда расмий сапар менен Германияга барган.

Расмий сапардын алкагында Садыр Жапаровдун Германиянын президенти Франк-Вальтер Штайнмайер жана Федералдык канцлер Олаф Шольц менен жолугуп, эки тараптуу кызматашуу тууралуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн.

Copyright © 2017 Maral FM